Өлкөдө "Евразия менен тааныш. Кыргызстан" аталышындагы программа башталды

Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан "Евразия менен тааныш. Кыргызстан" аталышындагы программа ишке кирди. Ага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Өзбекстан жана Россиянын жаштары катышат.
Долбоордун негизги максаты — Евразия мейкиндигиндеги жаштарды салттуу руханий баалуулуктардын негизинде бириктирүү. Ал баалуулуктар маданиятты, тарыхты, үрп-адатты, каада-салтты, жоопкерчиликти, эмгекчилдикти, улуттук иденттүүлүктү жана патриоттуулукту камтыйт.
Төрт күндүк "Евразия менен тааныш" программасынын алкагында жаштар Мамлекеттик тарых музейи, Ала-Арча улуттук паркы жана башка ушул сыяктуу борбор калаанын кызыктуу жерлерине барышат. Алар ошондой эле республиканын тарыхы жана маданияты боюнча лекцияларды угушуп, өнүктүрүү боюнча мастер-класстарга, стратегиялык жана долбоордук сессияларга катышып, улуттук тамак-ашты татып көрүшөт.
1 / 4

Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Өзбекстан жана Россиянын жаштары катышат.

2 / 4

Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Өзбекстан жана Россиянын жаштары катышат.

3 / 4

Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Өзбекстан жана Россиянын жаштары катышат.

4 / 4

Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Өзбекстан жана Россиянын жаштары катышат.

Мамлекеттик Думанын депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алена Аршинова аталган долбоор жаштарга Россияны эле эмес, постсоветтик өлкөлөрдү да кыдырууга шарт түзгөн флагмандык долбоорлордун бири экенин белгиледи. Анын айтымында, бул ар түрдүү маданий балуулукту карманган адамдардын баарлашуусу, достошуусу үчүн зарыл.
"Биздин жалпы географиябыз жана тарыхыбыз бар, аны унуткарууга болбойт. Кыргызстан жаңы программаны ачты. Аталган республиканын жаратылышы кооз, кылымдарды басып өткөн салт-санаасы бар. Балдар мына ошол керемет, меймандос, жагымдуу мамлекетте төрт күн болушуп, билим берүү программаларынан өтүшүп, тааныштыруу экскурсияларына катышып, жаңы досторду табышат. Эң негизгиси, Кыргызстанды кыдырып, өз көздөрү менен көрүп таанышышты", — деди Госдуманын депутаты.
"Евразия менен тааныш" программасына ай сайын 300 адам катышары пландалууда.
"Евразия менен тааныш" программасы — "Россия менен тааныш" программасынын кийинки этабы. Анын алкагында постсоветтик өлкөлөрдөн 4,5 миңден ашык адам (анын ичинен 250дөн ашыгы Кыргызстандан) Москваны кыдырышкан.
"Кыргызстан "Евразия менен тааныш" программасы ишке ашкан биринчи өлкө катары кокусунан тандалып калган жок. Сентябрдын башында "Евразия" уюму менен республиканын өкмөтү кызматташуу боюнча келишимге кол койгон. Кыргызстан дагы уюмдун салттуу баалуулуктарынын платформасына кошулду", — дешти уюмдан.
Эске салсак, буга чейин аталган уюм "Евразия лицейи" программасынын алкагында республикага 100 заманбап мектеп автобусун белек кылган. Ошондой эле Бишкек жана Кызыл-Кыя шаарларындагы мектептерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, Раззаков шаарындагы борбордук стадион менен спорт залдын курулушун бүтүрөт.
Россиялык уюм Баткендеги бир катар курулуштарды каржыламай болду