Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити

Бишкек ТМУнун санариптик борбору болот. Саммитте кол коюлган документтер

Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек шаары 2025-жылга ТМУнун санариптик борбору деп жарыяланды. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) ХI саммитинин жыйынтыгы менен кол коюлган документтерде белгиленген.
Саммиттин жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:
ТМУнун ХI саммитинин декларациясы;
Түрк дүйнөсүнүн "жашыл" көз карашы: Туруктуу келечектин биримдиги чечими;
Бишкек шаарын 2025-жылга ТМУнун санариптик борбору деп жарыялоо чечими;
Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды сыйлоо чечими;
Түрк дүйнөсүнүн Тынчтык хартиясын кабыл алуу чечими;
ТМУнун башкы катчысынын орун басарларын дайындоо чечими;
ТМУнун туруктуу өкүлдөрү жөнүндө жобо;
ТМУнун желеги жөнүндө чечим.
Саммиттин алкагында мындан башка 6 документке кол коюлган. Алар:
ТМУнун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу️
Санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими
Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму
Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандум
ТМУнун Жерди байкоочу технологиялык спутнигин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму
ТМУнун Чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун ХI саммити өттү