Жапаров Трампты АКШнын президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Жапаров АКШнын жаңы шайланган президенти Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетерине ишеним арткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Дональд Трампты АКШнын мамлекет башчысы болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда Жапаров АКШнын жаңы шайланган президенти Кыргызстан менен Американын кызматташтыгын тереңдетерине ишеним арткан.
"Биздин элдерибиздин байгерчилиги жана келечеги үчүн биргелешкен ишибиз менен алдыда турган глобалдык чакырыктарды ийгиликтүү жеңип, өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге көтөрө алабыз деп ишеним артам. Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өз тарабымдан бардык күч-аракетимди жумшай турганымды билдирем", — деп айтылган Жапаровдун куттуктоосунда.
Ал ошондой эле Дональд Трампка ден соолук, ишине ийгилик, ал эми АКШ элине тынчтык жана өнүгүү каалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев: АКШ системасы Трампты Украинаны каржылоого мажбурлашы мүмкүн