7-ноябрга карата аба ырайы

7-ноябрга караган түнү мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. 7-ноябрь, бейшембиде, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө -1...+4, Талас жергесинде -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл менен Нарын аймактарында +4...+9 градусту көрсөтүп турат.
Борбор калаада мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, +2...+4 градус жылуу болсо, Ош шаарында күндүн табы +8...+10 градуска жетет.
Жаан-чачындан улам сел, жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон аймактардын картасы