Ай туяктан жылкы улук деп кыргыз элинде өзгөчө баркталып, ат адамдын канаты деп өзгөчө бааланган. Чындыгында көчмөн жашоонун көп жагдайында кишиге жылкы өбөлгө болгон. Көч жолунда унаа болуп, жоо келсе качса жеткирбес, кууса куткарбас учкаяктыгы менен кадырланган.
Кыргыздын турмушундагы жылкы баласынын орду жана кымыздын касиети тууралуу “Кеменгер” программасында легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү коомдук жана саясий ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев кеп салды.