Бишкекти көрктөндүрүүнүн жаңы эрежелери — шаардын инфраструктурасын жакшыртып, айлана-чөйрөнү сактайбы?

Sputnik
Бишкек шаардык кеңеши жашылдандыруу боюнча жаңы эрежелерди бекитти. Аны баш калаанын аймагында жашаган ар бир жеке жана юридикалык жак ушул эрежелерди сактоого милдеттүү. Жаңы эрежинин ичинде контейнерлердин жанында унаа токтотууга тыюу салуу, таштандыларды чыгаруунун белгилүү сааттары жана жашыл аймактарда унаа токтотууга чектөөлөр киргизилди. Шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жана айлана-чөйрөнү сактоого багытталган.
Жыл башынан бери борбордо көрктөндүрүү эрежелери сактабаган жактарга 90 млн сомдон ашуун айып салынганын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциянын бөлүм башчысы Азат Ракымов маалымдады.