Түрк Мамлекеттер Уюмунун 11-саммити Бишкекте башталууда. Саммитке Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын президенттери чогулат. Мындан тышкары, уюмга байкоочу болуп кирген мамлекеттердин өкүлдөрү катышат. Саммит "Түрк дүйнөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санарип келечек жана жалпыбыз үчүн коопсуздук" деген ураан менен өтүүдө.
Бул уюмдагы көтөрүлгөн маселелер, Кыргызстандын орду тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов кеп кылды.