Бишкекте бүгүн Түрк мамлекеттеринин XI саммити башталат. Ага уюмга мүчө 5 мамлекеттердин; Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын лидерлери жана байкоочу өлкөлөрдүн мамлекет башчылары катышат. Биринчилерден болуп Бишкеке 4-ноябрда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган келген. Аны менен кечээ Садыр Жапаров эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, 19 документке кол коюлган жана түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Кыргызстан лидери I даражадагы 2Манас" орденнин тапшырган.Саммиттин быйылкы темасы: "Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү, экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санприптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” деп аталат. Саммитке 2025-жылы Кыргызстан төрагалык кылат.
РФ президенти Владимир Путин Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевдин ишеним грамотасын кабыл алды.Улуттук банкты жетектеп турган 55 жаштагы Бөкөнтаев августта бул кызматка дайындалган. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде сүйлөйт. Бөкөнтаев менен 27 элчи ишеним грамотасын тапшырды.
Россиянын бир катар шаарында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүктөрү иштеп баштады. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.Маалыматка ылайык, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү менен Россия ИИМинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчилери жолугушкан. Анда жаңы дайындалган кызматкерлер тааныштырылган. Алсак, ИИМдин Санкт-Петербург шаарындагы өкүлү болуп Таалайбек Төлөгөнов, Екатеринбургда Нурдин Жороев, Новосибирск шаарында Эрнест Асанов дайындалган.Ал эми Кылычбек Жолдошев Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлү болгон.
Кыргызстанда өлкөгө кайтып келип, бизнеске акча салам деген мигрантка ошончо суммада каражат берүү каралган "Мекеним 1+1" программасы сынамык иретинде ишке кирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Эркин Каримов билдирди.Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстандын жакынкы 6 жылдагы миграциялык саясаты" аттуу брифингге катышкан.Каримовдун айтымында, долбоор толугу менен 2025-жылы иштей баштайт."Мында мекенине кайтып келген мигрант бизнеске канча акча салса, ошончо суммадагы каражат алуусу каралган. Программага так бизнес-долбоору барлар гана катышат алат", — деди адис. Ушу тапта грантты 21 киши алганы айтылды.
Кийинки жумада Кыргызстандын гимнин өзгөртүү боюнча отурум өткөрөбүз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктоо учурунда билдирди. Төрага гимнди өзгөртүү керектигин көптөр колдогону менен ачык айта албай жүргөнүн белгиледи."Өсөлү, өнүгөлү, кыргыз үчүн, кыргыз мамлекети үчүн деген сөздөр жетишпейт. Ушул сөздөрдү эле кошуп коелу, болду. Ушуну эле айтып жатам, мындан кайгы жаратуунун кереги жок. Буюрса, гимн өзгөрөт, өзгөртөбүз. Эмки жумада бул боюнча атайын отурум өткөрөбүз", — деди Шакиев. Ал ошондой эле гимнди өзгөртүүгө жалпы кыргыз эли менен интеллигенциясы катышып, миңдеген жылдарга ырдала тургандай жазыларын кошумчалады