РФ ТИМи: Трамптын жеңиши америкалыктардын Байдендин ишине нааразылыгын чагылдырат

Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Дональд Трамптын АКШдагы президенттик шайлоодогу жеңиши америкалыктардын Жо Байдендин администрациясынын ишинин жыйынтыгына, Демократиялык партиянын шайлоо программасына нааразычылыгын чагылдырат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
“Төрт жылдык тыныгуудан кийин Ак үйгө кайтып келген Трамптын шайлоодогу жеңиши америкалыктардын Жо Байдендин администрациясынын ишинин жыйынтыктарына, Демократиялык партиянын шайлоо программасына нааразычылыгын чагылдырат”, — деп айтылат маалыматта.
Демократтар либералдык медианын жардамы аркылуу административдик ресурсту колдонуу менен Трампка каршы баштаган күчтүү пропагандалык кампанияга карабастан Харрис жеңилүү ызасын тартканы белгиленди. Буга республикачыл талапкердин шайлоочуларды чындап тынчсыздандырган экономика жана мыйзамсыз миграция маселелерин көтөргөнү себеп болду.
“Бирок бул АКШдагы терең жарандык ажырымды өзгөртпөйт. Кеп демократиялык жана республикалык штаттардын, ошондой эле “прогрессивдүү” жана салттуу баалуулуктарды жактагандардын тиреши жөнүндө болуп жатат. Трамптын кайтып келиши ички чыңалууну жана карама-каршы лагерлердин ортосундагы чыңалууну күчөтөт деп күтсө болот”, — деди ТИМ.
Ошол эле учурда РФ Тышкы иштер министрлиги Американын шайланган президентине карата эч кандай иллюзиясы жок экенин белгиледи.
“АКШнын башкаруучу саясий элитасы, кайсы партияга таандык экендигине карабастан, антироссиялык маанайды карманат. Бул сызык АКШнын ички саясий барометриндеги олку-солкулуктарга дуушар болбойт”, — деди ТИМ.
Тышкы иштер министрлиги Россия жаңы администрация менен Ак үйдөн “каттоодон өткөндөн кийин” иштешерин кошумчалады.
Жапаров Трампты АКШнын президенти болуп шайланышы менен куттуктады