БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болуп өткөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, Орбан расмий сапар менен Кыргызстанга бүгүн таңга жуук келген.
"Ынтымак ордо" имаратынын флагштокторуна Кыргызстандын жана Венгриянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун катарын улуттук кийимчен жоокерлер толуктап, килемдер төшөлдү.
Садыр Жапаров менен Виктор Орбан бири-бири менен учурашып, андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин лидерлер тизилген катардын алдынан басып өтүштү. Салтанаттын жүрүшүндө алар тууга таазим кылышты, Венгриянын премьер-министри "Салам, аскер!" деп ротага кайрылып, саламдашты.
Андан кийин Садыр Жапаров менен Виктор Орбан расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен тааныштырган соң Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу марш менен өтүштү.