Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары

Жапаров Эрдоганга Кыргызстанда фармацевтикалык завод ачууну сунуштады

Эрдоган Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоганга Кыргызстанда Борбор Азиянын жана Россиянын муктаждыгын жаба турган фармацевтикалык завод курууну сунуштады.
Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн Бишкекте Жапаров менен Эрдогандын кеңейтилген форматтагы жолугушуусу өттү. КР президентинин экономикалык жааттагы сунуштары төмөнкүдөй болду:
Кыргызстандан экспорттоого багытталган товарларга жеңилдетилген бажы тарифтерин киргизүү;
түрк компанияларынын чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу. Президенттин айтымында, бул бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди да алып келет;
ушул жылдын 1-майынан тартып кыргыз-түрк жүк ташуучулары эки өлкөгө жүк ташуу үчүн уруксат кагаздарынын жокко чыгарылганы белгиленди;
Түркия жогорку сапаттагы дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер болгондуктан Кыргызстанда түрк фармацевтикалык заводун куруу. Ал Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн жана Россиянын муктаждыгын жапмак.
Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары
Садыр Жапаров Эрдоганды I даражадагы Манас ордени менен сыйлады