Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары

"Ынтымак ордодогу" алгачкы конок. Жапаров Эрдоган менен жолукту. Сүрөт, видео

Салтанатта гимндер жаңырып, лидерлер тууга таазим кылышты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга кечээ кечинде мамлекеттик сапар менен келген Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен "Ынтымак ордодон" расмий жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Түрк лидеринин кортежин атчандар коштоп келген. "Ынтымак ордонун" флагштокторуна Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун катарын улуттук кийимчен жоокерлер толуктап турду.
Өлкө лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик гимндери жаңырган соң Ардак кароолдун ротасынын командири рапорт берип, мамлекет башчылары тизилген катардын алдынан басып өтүштү. Салтанаттын жүрүшүндө лидерлер тууга таазим кылышты. Түркия президенти "Салам, аскер!" деп ротага кайрылып, саламдашты.
1 / 6

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга кечээ кечинде мамлекеттик сапар менен келген Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен "Ынтымак ордодон" расмий жолугушту

2 / 6

Түрк лидеринин кортежин атчандар коштоп келген

3 / 6

"Ынтымак ордонун" флагштокторуна Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун катарын улуттук кийимчен жоокерлер толуктап турду

4 / 6

Өлкө лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик гимндери жаңырган соң Ардак кароолдун ротасынын командири рапорт берип, мамлекет башчылары тизилген катардын алдынан басып өтүштү

5 / 6

Салтанаттын жүрүшүндө лидерлер тууга таазим кылышты

6 / 6

Түркия президенти "Салам, аскер!" деп ротага кайрылып, саламдашты

Андан соң Жапаров менен Эрдоган расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырып, Ардак кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу жүрүш менен өттү.
Аземден кийин президенттер "Ынтымак ордого" кирип, тар курамдагы сүйлөшүүлөр өттү.
Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга келди. Сүрөт, видео