Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга келди. Сүрөт, видео

Кыргызстанга расмий сапар менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан келди
Саммитке уюмга мүчө болгон Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн башчылары келери күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга таңга жуук Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган конокторго кыргыз маданияты чагылдырылган салтанат тартууланган.
Расмий сапарынын алкагында Орбан Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-венгр стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелери талкууланып, кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлат.
Премьер-министр ошондой эле 6-ноябрда Бишкекте өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги XI саммитине катышат.
Иш-чарага уюмга мүчө болгон Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн башчылары келери күтүлүүдө.
Кыргызстанга Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик сапары менен келди
Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары
Кыргызстанга Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган келди. Видео, сүрөт