Үчүнчү дүйнөлүк согуш чыкпашы үчүн эмне кылуу керек? Эксперттик пикир

Жыйын 4-ноябрда башталган, бейшемби күнү аяктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Алдыдагы 15-20 жылга өзөктүк аракеттерден кармап туруунун маанисин жогорулатуу менен гана үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алса болот. Мындай пикири менен "Экономиканын жогорку мектеби" улуттук изилдөө университетинин дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин жетекчиси Сергей Караганов билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, учурда Сочи шаарында "Валдай" эл аралык талкуу клубунун "XXI кылымдагы өнүгүү үчүн жалпы коопсуздук жана тең укуктуулук" аталышындагы жыйын өтүп жатат.
"Узакка созулган чыр-чатак менен согуштардын доорун кечирип жатабыз, бул көпкө созулат. Бүгүнкү күндө биринчи кезекте үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алуу керек. Азыркыдай курч кырдаалда, менимче, буга алдыдагы 15-20 жылга өзөктүк аракеттерден кармап туруунун маанисин жогорулатуу менен гана жетишүүгө болот. Биз бул инструментти өзүнүн тышкы саясий практикасына жана дүйнөлүк аренага кайтарып жатабыз", — деди эксперт.
Караганов инструменттин жакын арада иштей баштаарына үмүт артып, Россия менен Батыштын ортосунда эле эмес, Батыштын ич ара жүргөн чыр-чатагын да жеңилирээк өткөрүүгө жардам берет деген пикирин билдирди.
Трамптын Россия менен Кытайды алыстатуу убадасына "Валдайдын" директору жооп кылды