Шакиев гимнди өзгөртүү боюнча отурум өтөрүн айтты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кийинки жумада Кыргызстандын гимнин өзгөртүү боюнча отурум өткөрөбүз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктоо учурунда билдирди.
Төрага гимнди өзгөртүү керектигин көптөр колдогону менен ачык айта албай жүргөнүн белгиледи.
"Өсөлү, өнүгөлү, кыргыз үчүн, кыргыз мамлекети үчүн деген сөздөр жетишпейт. Ушул сөздөрдү эле кошуп коелу, болду. Ушуну эле айтып жатам, мындан кайгы жаратуунун кереги жок. Буюрса, гимн өзгөрөт, өзгөртөбүз. Эмки жумада бул боюнча атайын отурум өткөрөбүз", — деди Шакиев.
Ал ошондой эле гимнди өзгөртүүгө жалпы кыргыз эли менен интеллигенциясы катышып, миңдеген жылдарга ырдала тургандай жазыларын кошумчалады.
Эдил Байсалов гимндин өзгөрүшү боюнча оюн айтты