Путин жыл соңунда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугарын айтты

Путин элчилердин ишмердиги Россия тууралуу так көз карашты калыптандырууга көмөктөшөрүнө үмүт артты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин декабрда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугарын айтканын РИА Новости жазды.
Ал бүгүн 28 өлкөнүн элчисинен ишеним грамотасын кабыл алды.
"Беларустун, Кыргызстандын, Армениянын жана Азербайжандын элчилерин көргөнүмө кубанычтамын. Бул мамлекеттер Россиянын эң жакын кошуналары, достору, стратегиялык өнөктөштөрү жана союздаштары. Аталган өлкөлөрдүн лидерлери менен КМШ саммитинин жүрүшүндө жолугушкам. Салт боюнча, жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана келечекке пландарды белгилөө үчүн декабрь айынын аягында да чогулабыз", — деди Путин.
Ошондой эле ал элчилер өз ишмердиги менен Россия Федерациясы жана анын саясаты боюнча адилеттүү жана калыс көз карашты калыптандырууга салым кошоруна ишеним артты.
Мындан тышкары, Путин БРИКС өлкөлөрүнүн Украинадагы кризисти чечүү каалоосун баалай турганын айтып, Россия тынчтык сүйлөшүүлөргө даяр экенин жана мындай кадамды Киев четке кагып жатканын кошумчалаган.
Владимир Путин Кубанычбек Бөкөнтаевдин ишеним грамотасын кабыл алды