БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова "Билим. Биринчи" агартуучу марафонуна катышып, Кыргызстанда тигилген көйнөктү кийип чыкты. Бул тууралуу ал журналисттерге айтып берди.
Захарова негизи матрешканын сүрөтү көйнөктүн арткы бетине түшүрүлгөнүн, бирок ал аны каткысы келбегендиктен алдын каратып кийип алганын айтты.
"Бул моделдин жаратуучулары мени кечиришсин. Негизи матрешка көйнөктүн арткы бетинде болчу. Бирок мен көрүнүктүү кылып кийген жакшы болот го деп ойлодум. Көйнөктү интернет-дүкөндөн алдым. Оймо-чиймеси биздики, компания биздики, бирок Кыргызстанда тигилиптир", — деди дипломат.
Ал бул нерсе чеги жок биримдиктин белгиси экенин белгиледи.
"Билим. Биринчи" марафону Москванын борбордук "Манеж" көргөзмө залында өтүп жатат.