Пресс-борбор

Кыргызстанда быйыл дагы 250 миң жумуш ордун түзүү пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда быйыл дагы 250 миң жумуш ордун түзүү пландалууда. Бул тууралуу эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
Ал өлкөдө эмгек миграциясынан кайтып келген кыргызстандыктарды ишке орноштуруу боюнча саясат жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу
"Анын ичинен 38 миң жумуш оруну Эмгек министрлиги тарабынан түзүлгөн. Заводдор, мектептер, бала бакчалар жана башка ишканалар ачылып жатат. Келерки жылы дагы 100 ишкана ачуу пландалууда", — деди Дарманкул уулу.
Адис Sputnik агенттигинде өткөн "Кыргызстандын жакынкы 6 жылдагы миграциялык саясаты" аттуу брифингге катышты.
Министрлик жыл башынан бери өлкөдө 16 миң иш орду түзүлгөнүн айтты