Жаан-чачындан улам сел, жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон аймактардын картасы

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. 5-8-ноябрда өлкөнүн тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам жаратылыш кырсыктары болушу ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Сел, жер көчкү жүрүп, таш кулашы божомолдонгон аймактардын тизмеси:
Чүй облусу:
Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Кемин жана Панфилов райондору;
Ысык-Көл облусу:
Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору;
Нарын облусу:
Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондору;
Талас облусу:
Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондору;
Жалал-Абад облусу:
Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо райондору;
Ош облусу:
Өзгөн, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Чоң-Алай жана Алай райондорун;
Баткен облусу:
Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондору;
Суук күчөйт! Бир жумага карата аба ырайынын божомолу