Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары

Түркия Кыргызстандын карызын кечти

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Түркия Кыргызстандын карызын кечти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун сөзүнөн белгилүү болду.
Мамлекеттик сапар менен келген Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган экөө жолугушуунун соңунда маалымат жыйын өткөргөн.
"Президент Эрдоган мырзага Кыргызстандын Түркияга болгон тышкы карызын кечүү боюнча кабыл алган чечими үчүн ыраазычылык билдире кетейин", — деди Жапаров.
Ал эми карызды жабууга жумшалчу акча "Жашыл экономика" долбооруна сарпталары белгилүү болду.
2024-жылдын июлдун соңуна карата Финансы министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын Түркияга тышкы карызы 62,3 миллион доллар болгон. Президенттик администрация андан бери төлөнүп отуруп, калган 58,8 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды Түркия кечкенин тактады.
Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров эки өлкө Кыргызстандын 120 миллион доллар сырткы карызын кечүүнү убадалаганын айткан.
Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары
"Ынтымак ордодогу" алгачкы конок. Жапаров Эрдоган менен жолукту. Сүрөт, видео