Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 19 документке кол коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстан менен Түркия президенттери Садыр Жапаров жана Режеп Тайип Эрдогандын кеңейтилген форматтагы жолугушуусунун жыйынтыгы менен 19 документке кол коюлду.
Кыргызстандын жана Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык мамилелерди жалпы камтуучу биргелешкен билдирүү кабыл алынган.
Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:
Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Аудиовизуалдык кызматтарды биргелешип өндүрүү жөнүндө макулдашуу;
Режеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек кыргыз-түрк достук ооруканасын биргелешип башкаруу жана кыргыз жарандарын Түркияда медицина жана медициналык адистиктер жаатында окутуу жөнүндө макулдашуу;
Жаныбарлардын ден соолугун коргоо, жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды сатуу маселелери боюнча макулдашуу;
Энергетика, энергиялык майнаптуулук жана энергияны үнөмдөө тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
Продукциянын коопсуздугу жана рынокту контролдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Түркия Республикасынын Казыналык жана финансы министрлигинин ортосундагы меморандум;
Органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Түркия Республикасынын Улуттук коопсуздук кеңешинин Башкы катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосундагы кинологиялык иш боюнча кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө протокол;
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Түркия Республикасынын президентине караштуу Адам ресурстары башкармалыгынын кеңсесинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
Архив кызматтарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө протокол;
Түркия Республикасынын президентинин администрациясынын Финансы башкармалыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Миграция жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы коргоонуу өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин линиясы боюнча;
Кыргызстандын Түркияга болгон карызын кечүү жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен Түркиянын Аманат депозиттерин камсыздандыруу фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен "Орто азиялык инвестициялык холдинг" ААКнын ортосундагы гидроэлектр станцияларын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө алкактык макулдашуу.
Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары
Түркия Кыргызстандын карызын кечти