БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Россиянын бир катар шаарында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүктөрү иштеп баштады. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү менен Россия ИИМинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчилери жолугушкан. Анда жаңы дайындалган кызматкерлер тааныштырылган.
Алсак, ИИМдин Санкт-Петербург шаарындагы өкүлү болуп Таалайбек Төлөгөнов, Екатеринбургда Нурдин Жороев, Новосибирск шаарында Эрнест Асанов дайындалган.
Ал эми Кылычбек Жолдошев Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлү (кеңсеси Москвада) болгон.