БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда арпа менен буудайдын түшүмү толук жыйналып бүттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылат.
Талдоодон белгилүү болгондой, түшүм былтыркыга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп болгон. Алсак, буудайдын дүң жыйымы 722,1 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 248,2 миң тоннага көп жыйналган. Ал эми арпаныкы 638,3 миң тоннага жетип, былтыркыдан 214 миң тонна көп түшүм алынган.
Мындан тышкары, 88,1 гектардан (80,1 пайызы жыйналган) жүгөрү, 52,3 миң гектардан (98,3%) буурчак тобундагылар, 64,6 миң гектар жерден (97,3%) картошка, 13,2 миң гектардан (92%) май өсүмдүктөрү, 9,1 миң гектар аянттан кант кызылчасы жыйналган.
Ошондой эле 1 миллион 115,3 миң тонна жашылча жана 336,5 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналганы кошумчаланды.