Патриарх Кирилл: климаттын өзгөрүшү жана аскердик чатактар коркунуч туудурат

Патриархтын айтымында, ыңгайлуу жашоого умтулуунун натыйжасында техногендик кырсыктар көбөйүп, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын бүтүндөй түрлөрү жоголуп, климат өзгөрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Климаттын өзгөрүүсү жана аскердик чыр-чатактар биздин планетанын жашоосуна коркунуч туудурат. Бул тууралуу Москва жана Бүткүл Русь патриархы Кириллдин кайрылуусунда айтылганын Sputnik Азербайжан жазды.
Ал диний лидерлердин Бакуда ачылган "Дүйнөлүк диндер жашыл планета үчүн" аттуу глобалдык саммитинин катышуучуларына кайрылуу жолдогон.
"Абанын жана суунун булганышы, жаратылыш ресурстарынын түгөнүп бара жаткандыгы коомдук аң-сезимде тамыр жайган "адам Ааламдын жалгыз кожоюну" деген түшүнүк терең жаңылыштык болуп чыкканын көрсөтүп турат", — деп айтылат кайрылууда.
Патриархтын айтымында, ыңгайлуу жашоого умтулуунун натыйжасында техногендик кырсыктар көбөйүп, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын бүтүндөй түрлөрү жоголуп, климат өзгөрдү. Ал ошондой эле дүйнөдөгү масштабдуу чыр-чатактар планетанын жашоосуна коркунуч туудурарын белгилеген.
"Ыйык Жазууга ылайык, Жараткан адамга жерди иштетүүнү жана сактоону тапшырган. Жаратылыш ресурстарын көзөмөлсүз пайдалануу, согуштук кагылышуулар жана экосистемалардын бузулушу айрым элдерди да, бүтүндөй адамзатты да өлүмгө алып келиши мүмкүн", — деген ал.
Патриарх Кирилл салттуу диндердин лидерлеринин үнү чечимдерди кабыл алган жооптуу адамдарга угулат деген үмүтүн билдирди.
Радио
Климаттын өзгөрүшү адамзаттын ден соолугуна кандай таасир этет