БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. АКШдагы президенттик шайлоо кандай жыйынтыкталарына карабай Киевге көрсөтүлгөн финансылык жана аскердик колдоо токтоп, бул европалык институттарды чоң өзгөрүүгө кептейт. Мындан ЕБдин Россия менен каршылашуусунун башкы идеологу болгон Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен башында турган бир катар европалык аткаминерлер көбүрөөк жабыркайт. Бул тууралуу америкалык тарыхчы, Россиянын ЕБ жана АКШ менен мамилеси боюнча эксперт Гилберт Доктороу билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт, анда демократтардан Камала Харрис жана республикачылардан Дональд Трамп ат салышууда.
"Эгер Камала Харрис жеңсе, оома болсо да акыл-эси жетиштүү европалык саясатчылар Украинанын маалы бүткөнүн түшүнөт. Анчалык тез болбосо да Харристин тушунда деле Киевге жардам акыры токтойт, анткени Конгресс Украина үчүн колдоонун жаңы пакети үчүн добуш берүүгө даяр эмес. Демократтар толук жеңип чыгып, эки палатаны тең колго алган күндө гана жардам уланышы мүмкүн, бирок бул ишке ашпай турган сценарий", — деген Доктороу.
Анын айтымында, "Трамп келсе да, Харрис келсе да Украинага жардам токтойт, ошондо европалык институттардын азыркы структурасы кыйрап жок болот". Доктороу Еврокомиссиянын бийликти менчиктеп алган жетекчиси Урсула фон дер Ляйен кызматынан кетүүгө же бийлигин чектөөгө мажбур болушу мүмкүн экенин белгиледи.
"Менимче, Европанын басымдуу бөлүгү бийликке Трамп келип, Украинанын Россияга жеңилгенин көрсөтүп, адам өмүрүнүн кыйлышын токтоттуруу үчүн финансылык жана аскерий жардамды жокко чыгарууну күтүп жатат", — деди эксперт.
Тарыхчынын айтымында, "Европа шайлоодо жеңип калса Трамп менен да кызматташууга аракет кылат. Бирок бул биз билген Европа эмес, фон дер Ляйенден кийинки Европа болот".
Доктороу өзгөрүүлөр улуттук деңгээлде да болорун божомолдоп, буга Франция менен Германия тушугушу мүмкүн экенин белгилеген. Эксперт Германия канцлери Олаф Шольц 2025-жылы күзүндө өтө турган шайлоого чейин ордун сактап кала алса, анда шайлоодон кийин кызматынан кетерин боолгологон. Мындан тышкары, Франция президенти Эммануль Макрон импичмент кооптуулугун башынан кечиргенин эске салып, ушу тапта эл каалаган саясатчы эмес экенин айтты. "Эгер Макрондун Украина боюнча саясаты туура эмес жүргөнү далилденсе ал дагы кызматында кала албайт", — деген тарыхчы.