Пресс-борбор

"Мекеним 1+1": бизнеске акча салам деген мигрантка ошончо каражат берилет

Долбоор толугу менен 2025-жылы иштей баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда өлкөгө кайтып келип, бизнеске акча салам деген мигрантка ошончо суммада каражат берүү каралган "Мекеним 1+1" программасы сынамык иретинде ишке кирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Эркин Каримов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстандын жакынкы 6 жылдагы миграциялык саясаты" аттуу брифингге катышкан.
Каримовдун айтымында, долбоор толугу менен 2025-жылы иштей баштайт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Эркин Каримов
"Мында мекенине кайтып келген мигрант бизнеске канча акча салса, ошончо суммадагы каражат алуусу каралган. Программага так бизнес-долбоору барлар гана катышат алат", — деди адис.
Ушу тапта грантты 21 киши алганы айтылды.
Пресс-борбор
Кыргызстанда быйыл дагы 250 миң жумуш ордун түзүү пландалууда