Радио

Байышова: баңгизат колдонгон баланын уйкусу бузулуп, баскан-турганы өзгөрөт

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун өспүрүмдөр бөлүмүнүн психиатры, нарколог Эркайым Байышова баңгизатка көз карандылык жана андан арылуу тууралуу айтты.
Sputnik
Баңгизатка көз карандылыктан таза сакайып кетүү мүмкүн эмес. Анткени ал өнөкөткө айланып кетет. Бул тууралуу Эркайым Байышова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тынбай дарылоо менен бейтапты ремиссия абалына жеткирсе болот. Бирок бардык учурда эле ал абалдан чыгып, бейтап кайра баңгизат колдоно башташы мүмкүн.
"Балдар арасындагы баңгилик боюнча кырдаал курч экенин түшүнүп жатабыз. Мекемелер аралык кызматташтык жаатында баңгизатка көз карандылыкты эрте аныктоого жана кыйын кырдаалга туш болгон жаштарга жардам берүүгө арналган профилактика программалары жүргүзүлүүдө. Муну менен катар билим берүү мекемелери, муниципалитеттер менен жакшы эле иштер жүргүзүлүп жатат. Биздин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун өспүрүмдөр бөлүмүндө наркологдор, психиатрлар, психологдор иштейт. Ал жакка анонимдүү түрдө кайрылууга болот. Эгер ата-энелер, мектептин мугалимдери балдардын адаттан тыш жүрүм-турумун байкаса дароо коңгуроо кагышы керек. Баңгизат колдонгон баланын баскан-турганы, мүнөзү, уйкусу өзгөрүп калат. Агрессивдүү белгилер байкалат. Убагында тийиштүү адистерге кайрылбаса баңгизатка көз карандылык күчөй берет. Өтүшүп кетсе калыбына келтирүү оңой эмес. Батыштын ооруканаларынын статистикасын карасак, бир жылдын ичиндеги рецидивисттери 50 пайызга жетет. Башкача айтканда, сакайып кеткендер менен теңме-тең. Ал эми Россияда сакайгандардын саны 20-40 пайызды түзөт. Бизде деле ушул көрсөткүч, ошондуктан профилактика өтө маанилүү", — деди Байышова.
Ал Кыргызстанда бейтаптардын 20 пайыздан 40 пайызга чейинки бөлүгү баңгизатка көз карандылыктан сакаярын кошумчалады.