6-ноябрга карата аба ырайы

6-ноябрга караган түнү айрым аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. 6-ноябрь, шаршембиде, республика боюнча өрөөндөрдө жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Талас аймагында +11...+15, Ысык-Көл жергесинде +9...+14, Нарында +5...+10 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы Бишкекте +14...+16, Ош калаасында +12...+17 градуска көтөрүлөт.
Былтыркыдан 1,5 эсе көп. Өлкөдө арпа менен буудай толук жыйналып бүттү