Жаманкара баатыр азыркы Аламүдун районуна караштуу Ак-Дөбө айылында Солтонун Каракчы уурусунун ичидеги Бүтөштүн уулу Түлөкабылдан тараган Чоткара баатырдын үйүндө төрөлгөн. Баатырдын жарык дүйнөгө келиши да өзгөчө көрүнүштөр менен белгиленген. Энеси Тыта жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Баатырдын атасы дүйнөдөн өткөндөн кийин балалыгы оор күндөргө туш болот. 1845-1847-жылдары кыргыз жерин баскынчылардан коргоп түрк, орус, кыргыз, казакты таң калтырып, кыргыз тарыхында өлбөс-өчпөс иштери менен эсте калды. Казактын Кененсары ханы Жаманкара баатырды өзүнө тартууга аракет кылганы майнап чыкпай, акыры баатырдын эки бөйрөгүн суурутуп жазалайт. Ошондо да “кыңк” деп үн чыгарбай кармашкан баатырдын эрдиги дастанда да берилген. Баатырдын урпактары азыр Чүйдүн Кайырма айылында жашап жатышат.