Эмне үчүн аутизм менен ооруган балдар көбөйүүдө? — белгилери, симптомдору жана себептери

Sputnik
Өлкөдө аутизм менен ооруган балдар көбөйүүдө. Буга бир нече факторлор себеп. Мисалы, эне кош бойлуу кезинде өзүнө, курсактагы баласына жакшы көңүл бөлбөгөндүктөн болуп жатат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун статистиксына ылайык, 10 жыл мурда ар бир төрөлгөн 10 миң баланын бирөөсү аутизм менен ооруса, бүгүнкү күндө 88 баланын бирөө аутист болууда. Ошондуктан бул азыркы тапта өтө көйгөйлүү оорулардын катарында. Аутизм – бул психикалык оорулардын түрлөрүнө кирет.
Анда баланын өз ара аракеттенүүсү, баарлашуусу, тышкы дүйнө менен байлаышы бузулуп, кыймыл-аракеттери кайталанат. Ошондой эле кызыкчылыктары чектелип каларын Республикалык психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлери “Ачык кеп” берүүсүндө айтып беришти.