Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы жаңы конуштарды газдаштыруу иштери кандай жүрүүдө?

Sputnik
Бишкек шаары жана Чүй облусун газдаштырууга Министрлер кабинети олуттуу көңүл бурууда. Анткени, бул борбор калаадагы абанын булгануусун азайтары айтылган. Жаратылыш министрлигинин билдиришинче бир тонна көмүр өзүнөн 100 тонна калдык калтырып табиятка зор зыян алып келет. Андыктан, тургундарды газга өткөрүү иштерине мамлекеттик банктар да камтылган. Эки банкка 1 миллиард сом бөлүнүп, алар тургундарга жеңилдетүү менен кредит бериши керек болчу. Каражат максаттуу жумшалуудабы? Пайыздык өлчөмдөрү жана кредитти алуу шартары кандай? Аталган аймактарды газдаштыруу кайсы этапка келип калды? Жаратылышка тийгизген зыяндуулугунун азайганы байкалуудабы?
Биз бүгүнкү “Күн башат” уктуруусунда ушул жана башка соболдорго жооп алдык.