Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров 4-ноябрда Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инмин Янды кабыл алды. Сүйлөшүүдө Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын кызматташтыгына 30 жыл болгону белгиленип, банк Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң колдоо көрсөткөнү айтылды. Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкына «Камбар-Ата 1» ГЭСинин долбоорун курууга катышууга чакырды. Мындан тышкары, өткөн жылдар коррупция менен күрөшүүгө жана криминалдын таасирин жоюуга арналганын, бул өлкөнүн мындан аркы экономикалык өсүшү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем пайдубал түптөөгө мүмкүндүк бергенин белгиледи. Президент Садыр Жапаров эми негизги көңүл экономикалык өнүгүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди чечүүгө буруларын айтты.
Мамлекеттин коопсуздугу калкынын санына жараша болот. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына иш сапары менен барганда билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөттө элдин санын өстүрүүгө багытталган мамлекеттик программа даярдалууда. Ага ылайык, көп бала төрөгөн келиндерге бир жолку төлөнүүчү "эне капиталын" берүү максатталып жатат. "Мындан ары төртүнчү баласын төрөгөндөргө 100 миң сом төлөнөт. Бешинчиге 600 миң сом, жетинчиге миллион, 8-9 бала төрөгөндөргө 1,5 миллион, ал эми 10ду төрөгөндөргө 2 миллион сомдон берилет. Бул кадамга акча ашып-ташыгандан барып жаткан жокпуз. Муктаждык ушундай болуп жатат. Анткени мамлекеттин коопсуздугу калкынын санына жараша болот. Бул — олуттуу маселе", — деди Ташиев. Ошондой эле бул программа бийик тоолуу аймактарга гана тиешелүү экенин кошумчалады.
Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында балдар камсыздандырылгандыктан анемия белгилерин аныктоо үчүн акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кабарлады. Ага ылайык, териси кубарып, тамакка табиттин жоголушу сыяктуу алгачкы симптомдордо ата-энелер катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, балдарын лабораториялык текшерүүдөн өткөрө алат. "Бардык көрсөтүлгөн кызматтар, анын ичинде консультациялар, лабораториялык изилдөөлөр акысыз жүргүзүлөт. Эгерде темир жетишсиздиги ырасталса дарыгер электрондук рецепт жазат. Ата-энелер бул дарыларды Фонд менен келишим түзгөн дарыканалардан 50 пайызга чейин арзандатуу менен сатып ала алышат", — деп айтылат маалыматта. Суроолор болсо күнү-түнү иштеген 113 ишеним телефонуна чалууга болот.
Автоунаасынын жайкы дөңгөлөгүн кышкыка алмаштырбай жүргөн айдоочулар Бишкек – Ош жолундагы посттордон өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам алыскы аймактарга каттаган жана жалпы айдоочулар мындан ары кышкы дөңгөлөктөр менен гана жүрө алышат. Жайкы дөңгөлөк менен барып алгандар артка жиберилери эскертилди. «Айрыкча алыскы аймактарга каттаган айдоочулар унааларынын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырбай жолго чыкса, «Сосновка», «Чычкан», «Арал» постторунан ө