БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Владимир Путин Улуттук биримдик күнүнө карата Кызыл аянттагы Минин менен Пожарскийдин эстелигине гүл койду.
Иш-чарага коомдук, жаштар жана диний уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Улуттук биримдик күнү жыл сайын 4-ноябрда белгиленет. Ал Россиянын Диндер аралык кеңешинин демилгеси менен түзүлүп, биринчи жолу 2005-жылы белгиленген. Майрам Кузьма (Козьма) Минин жана князь Дмитрий Пожарский жетектеген элдик кошуундар Москваны поляк баскынчыларынан бошоткон 1612-жылдагы окуялардын жаркын элесине арналат.