Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары

Кыргызстанга Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган келди. Видео, сүрөт

Түрк лидерин аэропорттон өлкө башчы Садыр Жапаров өзү тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 4-ноябрда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Түрк лидерин эл аралык "Манас" аэропортунан өлкө башчы Садыр Жапаров өзү тосуп алды. Президенттерди биринчи айымдар коштоп жүрөт.
1 / 5

Кыргызстанга Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик сапары менен келди

2 / 5

Улуттук кийимчен кыздар Режеп Тайип Эрдоган менен саламдашып, ага гүл жана боорсок менен бал сунушту

3 / 5

Өлкө башчыларын биринчи айымдар коштоп жүрөт

4 / 5

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулган

5 / 5

Мамлекет башчылары жана канайымдар кыргыз артисттеринин концерттик программасын көрүштү

Саламдашуудан кийин түркиялык конокторго кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин концерттик программасы көрсөтүлдү.
Буга чейин өлкө башчылары тар форматта сүйлөшүп, Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрөрү айтылган. Мындан тышкары, Эрдоган 6-ноябрда Бишкекте өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышары маалым.
Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити өтөт. Кимдер келет