Камчыбек Ташиев көп бала төрөгөндөргө 2 млн. сомго чейин акча төлөнөрүн айтты

УКМК төрагасы бийик тоолуу аймактарда көп төрөгөндөргө "эне капиталын" төлөө пландалып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Мамлекеттин коопсуздугу калкынын санына жараша болот. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына иш сапары менен барганда билдирди.
Анын айтымында, учурда өкмөттө элдин санын өстүрүүгө багытталган мамлекеттик программа даярдалууда. Ага ылайык, көп бала төрөгөн келиндерге бир жолку төлөнүүчү "эне капиталын" берүү максатталып жатат.
1 / 3

25-октябрда үч эм төрөгөн энеден кабар алды. Ташиев үч кыздуу болгон жаш үй-бүлөгө президенттин атынан 500 миң сом, Нарын шаарында салынып жаткан мамлекеттик ипотекалык үйдөн үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, башка дагы белек-бечкек тапшырды.

2 / 3

Аймактагы УКМК кызматкерлеринин балдарына арналган бала бакчаны ачууга катышты

3 / 3

Ал 120 балага ылайыкталган

"Мындан ары төртүнчү баласын төрөгөндөргө 100 миң сом төлөнөт. Бешинчиге 600 миң сом, жетинчиге миллион, 8-9 бала төрөгөндөргө 1,5 миллион, ал эми 10ду төрөгөндөргө 2 миллион сомдон берилет. Бул кадамга акча ашып-ташыгандан барып жаткан жокпуз. Муктаждык ушундай болуп жатат. Анткени мамлекеттин коопсуздугу калкынын санына жараша болот. Бул — олуттуу маселе", — деди Ташиев.
Ошондой эле бул программа бийик тоолуу аймактарга гана тиешелүү экенин кошумчалады.
Иш сапардын алкагында УКМК төрагасы бир нече иш-чарага катышты. Алсак:
Нарын шаарындагы Алма-Бак сейил багынын ичине спорт комплексинин курулушуна капсула салды. Имарат эки кабаттан турат, биринчи кабатында күрөш залы, кийинүүчү, медициналык бөлмөлөр болсо, экинчи кабаты машыгуучу зал болот. Спорт комплекси 2025-жылдын сентябрында ишке кирери айтылды;
аймактагы УКМК кызматкерлеринин балдарына арналган бала бакчаны ачууга катышты. Ал 120 балага ылайыкталган;
25-октябрда үч эм төрөгөн энеден кабар алды. Ташиев үч кыздуу болгон жаш үй-бүлөгө президенттин атынан 500 миң сом, Нарын шаарында салынып жаткан мамлекеттик ипотекалык үйдөн үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, башка дагы белек-бечкек тапшырды.
Көбүрөөк төрөгүлө! Ташиев УКМК кызматкерлеринин жубайларына кайрылды