Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити

Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат

Чечим алдыда мерчемделген мамлекеттик иш-чараларга байланыштуу кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркия президентинин, Венгрия премьеринин Бишкекке болчу сапары жана ордо калаада өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алынган.
Эске салсак, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен 5-ноябрда Кыргызстанга келет. Алар 6-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитине катышат. Ага Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын башчылары дагы келери күтүлүүдө.
Мындан улам борбор калаада 5-6-ноябрь күндөрү бала бакчалар иштебей турганы кабарланган. Ошондой эле министрлик, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери бул күндөрү аралыктан иштейт.
Кошумчалай кетүүчү жагдай, 7-8-ноябрь майрам болсо, 9-10-ноябрь — дем алыш күндөр.
Баса, мектептер 4-ноябрдан тарта каникулга чыгышкан.
Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити
Дүйшөмбүдөн баштап үч күн бою Бишкек жана Чүйдүн жолдоруна чектөө киргизилет