Калкты тейлөө борборлору жана регион аралык бөлүмдөр 5-6-ноябрда кандай иштейт

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана региондор аралык бөлүмдөр (РАБ) 5-6-ноябрда кадимки тартипте иштешет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш эртең мененки 8:00дө башталып, 18:00дө бүтөт. 12:00дө бир сааттык түшкү тыныгуу болот. Анткен менен 7-8-нобярда КТБ жана РАБдар эс алышат.
Эске салсак, 5-6-ноябрда Бишкекте мамлекеттик маанилүү иш-чаралар мерчемделгендиктен министрлик, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери аралыктан иштесе, студенттер үйдөн окушат. Ал эми бала бакчалар жабык болот.
Андан кийин 7-8-ноябрь майрам болсо, 9-10-ноябрь — дем алыш күндөр.
Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити
Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат