Жалкоолордон арылабыз. Бийлик мугалимдердин билим берүү сапатына көңүл бурат

Министрлер кабинетинин төрагасы учурда алдыга коюлган максаттардын бири мугалимдердин окутуучулук жөндөмүн ойготуу экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Мектеп артта калгандар, жалкоолор үчүн жумуш берчү жер эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук өнүктүрүү форумунда билдирди.
Ал белгилегендей, учурда алдыга коюлган максаттардын бири — кыргызстандык мугалимдердин окутуучулук жөндөмүн ойготуу.
"Мектеп, эң биринчиден, ар бир баланы маалымат топтоого, аны анализдөөгө, жаңы билим алууга үйрөтүүсү зарыл. Мугалимдерди кайрадан ишке кызыктырып, шыктандырабыз. Ал үчүн күчүбүздү да, каражатты да аябайбыз. Дароо айтып коёюн, мектеп артта калгандар, жалкоолор үчүн жумуш берчү жер эмес. Биз андайлардан аёосуз арылабыз", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле ар бир мугалимдин колуна бирден ноутбук берилип жатканын, алар күнүнө билимин тереңдетүүгө кеминде эки саат коротушу керектигин кошумчалады.
Балдар 6 жаштан окууга барат. 12 жылдык концепция бекиди