Бишкек шаарында кылым аша жашаган 20дай карт дарак бар. Бул тууралуу Жаныбек Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дарактардын жашы атайын жабдыктар менен өлчөнгөн.
"Бак-дарактын жашын өлчөгөн атайын аппараттар бар. Атайын адисттерди чакырып, өлчөткөнбүз. Натыйжада Бишкек шаарындагы эң карт дарак 128 жашта экени белгилүү болгон. Ал — Илимдер академиясынын алдында өсүп турган эмен дарагы. Негизи бул бак 150 жылга чейин жашай алат. Шаардагы карт дарактардын кайсы жерде экени белгиленип, атайын картасы чийилген. Бишкекте жалпысынан 20дай дарак 100 жылдан ашык жашаган деп белгиленген", — деди Жумалиев.
Ошондой эле ал каралбай калган бак-дарак бат картая турганын кошумчалады.