Жаңы авиакомпанияларды каттоого жана сертификат берүүгө мораторий киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров “Авиакомпанияларга операторлук күбөлүктөрдү каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий киргизүү) жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Улуттук авиация тутумун чыңдоо, ошондой эле анын ачыктыгын, ишенимдүүлүгүн жана эл аралык талаптарга шайкештигин жогорулатуу максатында мамлекет башчынын тиешелүү чечими чыкканга чейин мындай тыюуну белгилөө чечими кабыл алынды.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине Кыргызстандын аймагынан тышкары гана учууларды ишке ашырган, ошондой эле өлкөнүн аэропортторунда бир айдан ашык турбаган аба кемелери (учактар/тик учактар) бар авиакомпаниялардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүү тапшырылды. Анын жыйынтыгы менен белгиленген талаптарга жооп бербеген авиакомпаниялардын каттоосун жана операторлук күбөлүктөрүн жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.
Кыргызстанда катталып, бирок чет жакта гана учкан авиакомпаниялар текшерилет