БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү" аталышындагы Улуттук өнүктүрүү форумунда быйыл өлкөнүн ички дүң продукциясы 1,5 триллион сомдон ашарын билдирди.
Анын айтымында, экономикалык саясат өлкөнүн позициясын чыңдоого мүмкүндүк түзгөн.
"2023-жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашты. Ал эми быйыл бул көрсөткүч 1,5 триллион сомдон өтөт деп турабыз. Доллар менен эсептегенде жан башына ИДП 2500 доллардын тегерегинде. Ошону менен төрт жылда ИДП эки эсе, өлкө бюджети үч жылда үч эсе көбөйдү. Бюджет 2020-жылы 247,7 миллиард сом болсо, 2024-жылы 660 миллиард сомдон аша турганын жакшы билесиздер", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал өлкөдө коррупция менен күрөш жакшы натыйжа берип жатканын айтып, Кыргызстанды жетектеген идеология үч принципти: мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин биримдигин жана салык төлөө милдетин камтый турганын кошумчалаган.