БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. АКШда 5-ноябрда өтө турган президенттик шайлоого 78 миллиондон ашык адам мөөнөтүнөн мурда катышып, добуш берди. Бул тууралуу РИА Новости Флорида университетинин шайлоо процесстери лабораториясына таянуу менен билдирди.
Сентябрга карата АКШда 186,5 миллион шайлоочу катталганын ЖМКлар жазган.
Ишемби күнү Флорида университетинин шайлоо процесстери лабораториясы алдын ала добуш берген 69 миллион америкалыктын ичинен 32,5 миллиону добушун почта аркылуу жибергенин билдирген.
Ал эми жекшембиде 42 миллиондон ашык адам шайлоо участогунан, 35 миллиондон ашыгы почта аркылуу добуш бергени белгилүү болду.
"Учурда алдын ала добуш бергендер 78 миллионго жетти. 42,6 миллион адам шайлоо участогунан, 35,3 миллиону почта аркылуу добуш берди. Жалпысынан электрондук добуш берүүгө 67,4 миллион бюллетень суралган", — деп айтылат лабораториянын сайтында.
Мөөнөтүнөн мурда добуш бергендер боюнча рекордук көрсөткүчтөр 2020-жылы болгон. Андагы маалыматтар боюнча, 3-ноябрга чейин 101 миллиондон ашык адам алдын ала добуш берген. Ошондо Дональд Трамп почта аркылуу берилген добуштардын көптүгүнө байланыштуу демократтарды фальсификацияга айыптаган. Бирок бул жолу ал өзү дагы тарапташтарын алдын ала добуш берүүгө үндөөдө. Учурдагы президент Жо Байден дагы добушун мөөнөтүнөн мурда берди.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми республикачылардан мурдагы президент Дональд Трамп жарышка түшкөн.