Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Кыргызстанда эки мамлекеттик гезиттин башкы редакторлору иштен бошотулдуМинистрлик, маммекемелердин кызматкерлери 5-6-ноябрда аралыктан иштешетКыргызстанда балдардагы анемияны аныктоо акысыз жүргүзүлөтАлдыда кененирээк6-ноябрында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги XI Саммити өтөт. Алдыдагы Саммиттин темасы – “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” болмокчу. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматына караганда өлкөлөрдүн лидерлери ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясына кол коюшат. Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.
Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында балдар камсыздандырылгандыктан анемия белгилерин аныктоо үчүн акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кабарлады. Ага ылайык, териси кубарып, тамакка табиттин жоголушу сыяктуу алгачкы симптомдордо ата-энелер катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, балдарын лабораториялык текшерүүдөн өткөрө алат. "Бардык көрсөтүлгөн кызматтар, анын ичинде консультациялар, лабораториялык изилдөөлөр акысыз жүргүзүлөт. Эгерде темир жетишсиздиги ырасталса дарыгер электрондук рецепт жазат. Ата-энелер бул дарыларды ММК фонду менен келишим түзгөн дарыканалардан 50 пайызга чейин арзандатуу менен сатып ала алышат", — деп айтылат маалыматта. ММКФ ата-энелерди мүмкүнчүлүктөн пайдаланып скринингден өтүүгө үндөйт. Анткени темир жетишсиздигин өз убагында аныктоо жана дарылоо баланын дени сак өнүгүшүнө жардам берет.Суроолор болсо күнү-түнү иштеген 113 ишеним телефонуна чалууга болот.
Кыргызстанда эки мамлекеттик гезиттин башкы редакторлору иштен алынды. Маалыматты министрлер кабинетинен тастыкташты. Билдирүүгө ылайык, "Слово Кыргызстана" гезитинин башкы редактору Тамара Слащеванын ордуна Елена Жолобова келет. "Кыргыз Туусу" гезитинин редактору Мырзакат Тыналиев да ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна ким келери белгисиз. Азырынча башкы редактордун милдетин биринчи орун басары аткарып жатканы маалым болду.
Бишкектеги министрлик, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери 5-6-ноябрда аралыктан иштейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, министрлер кабинети мындай чечимди Түркия президентинин, Венгрия премьеринин Бишкекке болчу сапары жана ордо калаада өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алган. Эмгек кодексине ылайык, шаардагы мамлекеттик мекеме, министрликтердин кызматкерлери 5-6-ноябрда аралыктан иштешет. Маалыматта чечимдин министрлик, башкармалык жана бөлүм жетекчилерине тиешеси жок экени айтылган. Белгилей кетсек, 7-8-ноябрь Кыргызстанда майрам болсо, 9-10-ноябрь — дем алыш күндөр.