Кыргызстандыктардын көбүнчөсү Россияга мигрант болуп өлкөнүн түштүгүнөн кетишет. Ошондуктан Ош шаарында Москвадагы “Көп функционалдуу миграциялык борбордун” филиалы ачылат. Бул үчүн Ош шаарынын мэриясынан имарат сунушталып, учурда анын техникалык мүнөздөмөлөрү каралууда. Андан соң Россия өзүнүн эсебинен ремонт жасап, керектүү жабдуулар менен камсыздап ишин баштайт. Ал жерден медициналык текшерүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон өтүү жана башка ушул сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт.
Москвага баргандан кийин дароо ишке орношуу мүмкүнчүлүгү болорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Диаспоралар жана мекендештер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Эркин Каримов маалымдады.