Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушатАКШда президенттик шайлоодо 78 миллиондон ашык америкалык алдын ала добуш бердиКыргызстанда доллар менен алынган кредит жана депозиттердин үлүшү азаюудаАлдыда кененирээкБишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркия президентинин, Венгрия премьеринин Бишкекке болчу сапары жана ордо калаада өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алынган. Эске салсак, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен 5-ноябрда Кыргызстанга келет. Алар 6-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитине катышат. Ага Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын башчылары дагы келери күтүлүүдө. Мындан улам борбор калаада 5-6-ноябрь күндөрү бала бакчалар иштебей турганы кабарланган. Ошондой эле министрлик, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери бул күндөрү аралыктан иштейт. Кошумчалай кетүүчү жагдай, 7-8-ноябрь майрам болсо, 9-10-ноябрь — дем алыш күндөр.
Жыл башынан бери Кыргызстандын банк секторунун кредиттик жана депозиттик портфелинде доллардын үлүшү азайганын Улуттук банктан билдиришти. Сентябрь айынын соңуна карата берилген маалыматтар боюнча, кредит портфелинин долларлашуу деңгээли жыл башындагыга салыштырмалуу 19,9 пайызга төмөндөп, 43,9 пайызды түздү.
БРИКС өлкөлөрүнүн саммити мындан 20 жыл мурун өтсө анча маанилүү окуя болмок эмес, азыр бул өлкөлөрдүн дүйнөлүк экономикадагы үлүшү Батыш мамлекеттериникинен ашып жатат. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости жазды. "Өткөн жумада Казань шаарында БРИКС — Чыгыш дүйнөсүнүн саммити өттү. Буга чейин курамында Кытай, Россия, Бразилия, Индия жана Түштүк Африка болсо, эми кеңейип саны 10дон ашып, бардыгы Казань шаарында чогулушту. 20 жыл мурда саммит маанилүү окуя болмок эмес, азыр бул өлкөлөрдүн дүйнөлүк экономикалык көрсөткүчүнүн үлүшү Батыш экономикасынан чоң", — деген Орбан. Венгриянын премьер-министри 7-ноябрда "Батыш дүйнөсүнүн саммити", тагыраагы, европалык саясий коомчулуктун жыйыны өтө турганын билдирди. Ал иш-чараны "Венгриянын тарыхындагы эң ири дипломатиялык окуя" деп атады.
АКШда 5-ноябрда өтө турган президенттик шайлоого 78 миллиондон ашык адам мөөнөтүнөн мурда катышып, добуш берди. Бул тууралуу РИА Новости Флорида университетинин шайлоо процесстери лабораториясына таянуу менен билдирди. Сентябрга карата АКШда 186,5 миллион шайлоочу катталганын ЖМКлар жазган. Ишемби күнү Флорида университетинин шайлоо процесстери лабораториясы алдын ала добуш берген 69 миллион америкалыктын ичинен 32,5 миллиону добушун почта аркылуу жибергенин билдирген. Ал эми жекшембиде 42 миллиондон ашык адам шайлоо участогунан, 35 миллиондон ашыгы почта аркылуу добуш бергени белгилүү болду. "Учурда алдын ала добуш бергендер 78 миллионго жетти. 42,6 миллион адам шайлоо участогунан, 35,3 миллиону почта аркылуу добуш берди. Жалпысынан электрондук добуш берүүгө 67,4 миллион бюллетень суралган", — деп айтылат лабораториянын сайтында. Мөөнөтүнөн мурда добуш бергендер боюнча рекордук көрсөткүчтөр 2020-жылы болгон. Андагы маалыматтар боюнча, 3-ноябрга чейин 101 миллиондон ашык адам алдын ала добуш берген.