Өлкөдө жаңы ачылган "Биовит" фармацевтикалык заводу Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан. Курулган жаңы завод жогорку сапаттагы инфузиялык эритмелерди, инъекциялык ампулаларды жана көз тамчыларын стерилдүү түрдө чыгарат. Бул ишкана эл аралык GMP стандарттарына ылайык келет. Ошондой эле завод Италиянын, Германиянын, Түштүк Кореянын жана башка алдыңкы өлкөлөрдүн заманбап жабдуулары менен жабдылды. Долбоордун көлпы 10 миллион долларды түздү. Анын 7 миллион 700 миң доллар каражатын Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунан каржыланды.
Ишкана өндүргөн продукциясын пландаштырган көлөмүнөн чыкса экспорттолорун Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков айтып берди.