Нью-Йорктун мэри кургакчылыктан улам сууну үнөмдөөгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс октябрда жаан көп жаабай, ай өтө кургак болгонун айтып, шаар тургундарын жана мамлекеттик мекемелерди сууну үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Октябрь тарыхтагы эң кургак айлардын бири болду. Бардык мекемелерди сууну үнөмдөө боюнча план түзүүгө жана аларды ишке ашырууга чакырам. Бирок бизге силерден да жардам керек, Нью-Йорктун тургундары", — деп кайрылган шаар мэри.
ЖМКлар Нью-Йоркто октябрда бир күн эле жамгыр жааганын жазышкан.
Кыйроого алып келет. Окумуштууларды климаттын кескин өзгөрүшү чочутууда