Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити

Министрлик, маммекемелердин кызматкерлери 5-6-ноябрда аралыктан иштешет

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкектеги министрлик, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери 5-6-ноябрда аралыктан иштейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, министрлер кабинети мындай чечимди Түркия президентинин, Венгрия премьеринин Бишкекке болчу сапары жана ордо калаада өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алган. Эмгек кодексине ылайык, шаардагы мамлекеттик мекеме, министрликтердин кызматкерлери 5-6-ноябрда аралыктан иштешет.
Маалыматта чечимдин министрлик, башкармалык жана бөлүм жетекчилерине тиешеси жок экени айтылган.
Белгилей кетсек, 7-8-ноябрь Кыргызстанда майрам болсо, 9-10-ноябрь — дем алыш күндөр.
Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити өтөт. Кимдер келет