Мектептерде эми буллинг жана кибербуллинг менен күрөш жүрөт

Мындай чара окуучулардын ден соолугуна зыян келтирбей, түрдүү кемсинтүүлөр менен коркутууларды алдын алуу үчүн керектиги белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Мектептерде буллинг жана кибербуллингге каршы күрөш жүргүзүлөт. Билим берүү министрлиги тиешелүү буйрукка кол коюлганын билдирди.
Мекеменин "Буллингди жана кибербуллингди алдын алуу жөнүндө" буйругу 30-октябрда чыкканы айтылат.
Анда мындай чара окуучулардын ден соолугуна зыян келтирбей, түрдүү кемсинтүүлөр менен коркутууларды алдын алуу үчүн керектиги белгиленген.
Мугалимдер ата-энелер менен окуучуларга буллингди жана кибербуллингди алдын алуу тууралуу иштерди жүргүзүп, анын ичинде квадроберлердин (жаныбарларды тууроо), компьютердик оюндардын жана башка көрүнүштөрдүн зыяны тууралуу айтып беришет.
Бала мектептен ыдык көрүп жатканын кантип билсе болот? Психологдун кеңеши