Суук күчөйт! Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Бул аптада да абанын табы кайтып, жума этегинде суук болот.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Республикада 3-4-ноябрда жаан-чачын болбойт. Андан ары апта соңуна чейин күн ачылып, кайра бүркөлүп, маал-маалы менен жамгыр себелеп турат.

Чүй, Талас

Дүйшөмбү, шейшембиде жамгыр жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Калган күндөрү жамгыр себелеп, тоолуу аймактарга кар түшүшү ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Апта башында аба ырайы ачык болот. 5-ноябрдан тартып күндүн көзү бузулуп, жамгыр күчөп, кайра басаңдап турат. Тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. 9-ноябрда Баткен облусунун тоолуу аймактарынан башка жерлерде жамгыр басылып, күн ачылышы мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын

5-ноябрдан баштап жамгыр себелеп, тоолуу жерлерде кар түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Жуманын этегинде температура апта башына салыштырмалуу сууктайт.
Кыргызстан россиялык газдын импортун кыйла көбөйттү